www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарыхый-маданий мурасты сактоого кошкон салымы үчүн “Ыйык мурас” тарыхый-маданий мурастарды коргоо коомдук ассоциациясынын төрагасы, аймак таануучу Кайырбек Коңурбаевди «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйлады.

Сыйлыкты министр Мирбек Мамбеталиев тапшырып, Коңурбаевдин көп жылдык эмгеги, тарыхка болгон кызыгуусу жана маданий мурас объекттерин сактоого багытталган ишмердүүлүгү жогору бааланарын белгиледи.

Кайырбек Коңурбаев узак жылдардан бери Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кум-Дөбө айылындагы археологиялык эстеликтерди изилдеп, тарыхый материалдарды чогултуу менен алектенип келет. Анын демилгеси менен уюштурулган үй-музейде акыркы 30 жыл ичинде Кум-Дөбө айылынын аймагынан жана “Кочкор-Башы” чалдыбарынан табылган 300дөн ашык экспонат топтолгон.

Өз кезегинде Кайырбек Коңурбаев Кум-Дөбө айылындагы тарыхый-маданий мурас объекттери XX кылымдын 60-жылдарында бузулганын жана аларды сактап калуу боюнча мамлекеттик музей куруу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле ал келечекте мамлекеттик музей куруу максатында айылдын борборунда жайгашкан өзүнө тиешелүү 0,15 сотук жер тилкесин Маданият министрлигине акысыз берүүгө даяр экенин билдирди.

Белгилеп кетсек, мындай иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылы чыккан “Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоону, изилдөөнү жана популярдаштырууну камсыз кылуу боюнча мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүүдө.

Последние новости