www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте «Volkswagen Golf-3» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу камакка алынды. Ал башка айдоочунун жолун тосуп, сөккөн. Бул тууралуу 13-мартта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Мониторинг жүргүзүү учурунда милиция кызматкерлери жолдогу жаңжал тууралуу видеону көрүшкөн. Видеодогу киши 1996-жылы туулган Р.Н.Р. экени аныкталган.
Бул факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү башталып, айдоочунун өздүгү аныкталып, ал райондук ички иштер бөлүмүнө алып келинген. Ошондой эле ал майда бейбаштык беренеси боюнча убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Кармалган жаран кызды сөккөндүгүн моюндап, айдоочунун аял киши экенин билбей калганын белгиледи.