www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ата-мекендик айыл чарба продукциясын чет өлкөгө тоскоолдуксуз чыгаруу үчүн жогорку кызматтагы адамдар жана айрым компаниялардын өкүлдөрү коррупциялык схема түзүп алганы аныкталган. УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, тергөө жүрүшүндө бул мыйзамсыз иштерге айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин азыркы жана мурдагы орун басарларынын тиешеси бар экендигин тастыктаган далилдер табылды.
Кечээ, 26-октябрда, УКМК тарабынан айыл чарба министринин учурдагы орун басары М.И. жана министрдин мурдагы орун басары И.А.С. кармалып, УКМКнын абагына киргизилди.
М.И. деген инициалдарга айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин учурдагы орун басары Марсбек уулу Иличтин аты-жөнү туура келет. Ал эми И.А.С. — Исаев Амангелди Сапарбекович.
Булак: NazarNews.kg