www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги саясий эксперт Айданбек Акматов менен күмөн жараткан айрым жагдайлар боюнча пикир алыштык.

-Айданбек мырза, Кыргызстан карыз албаса абалдан чыга албасы баарына маалым болуп калды. Карыз албай мамлекетти багып кетүүнүн жолу барбы?

-Азыркы учурда карыз албай бюджетти толтуруунун бирден-бир жолу Кыргызстандагы алтын кендерде казылып жаткан алтындын кеминде 50% мамлекеттин карамагына алуу. Биз ушуга жетишсек бюджетке 600-700 млн. доллар түшөт. Бул өкмөт сырттан жалбарып сурап жаткан 640 млн. долларга тете сумма.

Биздин алтын кендерден кантип 600-700 млн. доллар алууга болорун тактап алсак. Биринчиден, Кумтөрдөн жыл сайын 20 тоннага чейин алтын казылып алынат. Ал 1 млрд. долларга чейин сатылат. Мына ушунун ичинен Кыргызстан бюджетине болгону 80-90 млн. доллар салык төлөнөт. Эгерде Кумтөрдө казылып алынган алтындын кеминде 50% алсак, анда биз 10 тоннага чейин же 500 млн. долларга чейин акчаны бюджетке алган болобуз.

 Бул мамлекеттин колундагы иш. Бул үчүн президент, парламенттин саясий эрки, коррупциядан баш тартуусу гана керек. Албетте, элдин, коомчулуктун колдоосу керек. Белгилүү болгондой “Центерра” оңбогондой акчаны маалымат каражаттарын сатып алуу үчүн жумшап келет.

Эл аралык “Mining.com” компаниясынын изилдөөсү боюнча Кумтөр дүйнөдөгү алтын эң арзан казылып алынган он кендин катарына кирет. Кумтөрдө бир унций алтынды казып алуу үчүн 553 доллар сарпталат. Бүгүнкү күндө дүйнөлүк базарда бир унций алтындын баасы 1900 доллардан ашып баратат. Ортодогу айырма 1350 доллар. Бир унций алтындан “Центерра” мына ушунча пайда көрүп жатат. “Центерра” кандай пайдага туйтунуп жатканын эсептеп көрө бериңиз! Кыргызстан болсо кайыр сурап жүрөт.

Кумтөрдөн сырткары Жерүй, Бозамчак, Иштамберди, Алтынкен сыяктуу алтын кендердеги алтындын да жарымынан көбүн алуу биздин республика үчүн реалдуу мүмкүнчүлүк бар. Муну пайдаланышыбыз керек.

Кыргызстанда пандемия айынан форс-мажордук кырдаал түзүлдү. Эл апаатка учурап, дары-дармекке, медициналык шаймандарга муктаж. Дарыгерлерибиз атайын кийим-кечеге, жетиштүү айлык акыга муктаж. Биз, жерибиздеги кендерибизди элибиздин мына ушул муктаждыгын чечүүгө пайдаланбасак, эч ким кечирбейт.

-Премьер-министрдин “кампада катылып жаткан дарылар табылды” дегени боюнча финполиция таптакыр башкача маалымат берип, дарылар катылган эмес, аптекаларга тартылып берилгени жаткан деген ойду айтышты. Бул жерде Боронов элди алдап жатабы же финполиция фарм компаниялардын ээсин калкалап жатабы?

-Боронов такталбаган маалымат таратып уят болду.  Бул жерде эки версия болушу мүмкүн. Биринчиси, чын эле кампада сатууга даярдалган дарылар болгон. Финполдун оргу-баргы кызматкерлери анын аки-чүкүсүн териштирип отурбай өкмөткө “сүйүнчүлөп” жиберишкен. Аны Боронов элге жарыя салып жиберген. “Мына катылган дарыларды таптык, иштеп жатабыз” дегендей кылып. Соңунда ал дарылар чындыгында эле саттыкка даярдалган болуп чыгып, финпол да, өкмөт башчы да мыш болуп отуруп калды.

-Оорукана салуу чечими кечирээк кабыл алынган жокпу?

-Кудай буйруса, коронавирус тумоосунун өтө катуу жайылган мезгили өтүп баратат. Бишкекте бул байкаларлык. Мына ушул өңүттөн алганда өкмөттүн оорукана куруу аракети кечиккени анык. “Жоо кеткен соң кылычыңды ташка чап” дегендей абал. Бирок бизде, борбордо ооруканга муктаждык бар. Ошондуктан кеч болсо да курулганын оң баалашыбыз керек.

Бишкекте шаардыктардын дээрлик 80-90% ковид менен ооруп чыкты окшойт. Ошондуктан көпчүлүк шаардыктарда иммунитет пайда болду дегенге негиз бар. Мындай пикирди орус жана башка өлкөлөрдүн вирусологдоруна таянып айтып жатабыз. Бирок да дарыгерлердин сунуштарын аткаруу, сактануу керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости