www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев жана орусиялык дарыгерлер Чүй облусунун Токмок шаарында жайгашкан бир катар стационарларга барып, медициналык кызматкерлердин иштөө шарты менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Токмок шаардык №4 үй-бүлөлүк медицина борборунун базасында 216 орундуу көп тармактуу оорукана үчүн оңдоо-куруу иштери жүрүүдө. Ал муктаж болгон учурда коронавирустук инфекцияга чалдыккан бейтаптарды дарылоо үчүн багытталат. Орусиялык медициналык кызматкерлер объектти реконструкциялоодо тийиштүү санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чараларынын сакталышы боюнча өз сунуштамаларын беришти.

Аида Исмаилова Чүй аймактык ооруканасынын медициналык кызматкерлери менен жолугушуп, жамаатка жеке коргонуу каражаттарын, респиратор жана маскаларды тапшырды. Вице-премьер-министр өз өмүрүн тобокелдикке салуу менен эмгек кылган медициналык кызматкерлерге ыраазычылык билдирип, ага жараша COVID-19 чалдыккан оорулуулардын жана андан курман болгондордун санын азайтууга мүмкүн болгондугун белгиледи.

"Учурда оору жугузуп алгандардын саны азайып жаткандыгын байкоого болот, ага карабастан, ар-бирибиз талап кылынган санитардык эрежелерди так сактоону улантуубуз керек. Андай болбосо, оорулуулардын саны кайрадан көбөйүп, мамлекеттин, дарыгерлердин жана волонтерлордун ооруга каршы күрөшүү боюнча күч-аракетин жокко чыгаруусу ыктымал. Биз коронавирус инфекциясынын жайылуу чынжырчасын үзүп, вирусту толугу менен жеңип чыгуубуз керек", - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости