www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-май күнү Кыргыз футбол биримдигинин жаңы шайланган президенти Адылбек Касымалиев Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесине келип, КФБ жамааты жана Кыргызстандын курама командаларынын машыктыруучулары менен таанышты. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө өлкө футболун өнүктүрүү боюнча алдыдагы максаттар, стратегиялык багыттар жана пландар талкууланды. Өз сөзүндө КФБ президенти футбол тармагындагы бардык багыттарда системалуу иш алып баруу маанилүү экенин белгиледи.  

«Алдыда өлкө футболун өнүктүрүүгө багытталган көптөгөн максаттар жана долбоорлор бар. Баарыңыздарга жемиштүү иш, жаңы ийгиликтерди жана алдыга коюлган пландардын ийгиликтүү ишке ашышын каалайм», — деди Адылбек Касымалиев.

Мындан тышкары, КФБ президенти футбол академиясынын аймагын, машыгуу инфратүзүмүн жана КФБнын кеңселерин кыдырып чыгып, учурдагы шарттар менен таанышты. 

 

Последние новости