www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кеңешме өткөрдү, анын жүрүшүндө «UIM F1H2O дүйнө чемпионаты — Кыргызстан Гран-приси. Ысык-Көл – 2026» эл аралык спорттук иш-чарасын өткөрүүгө даярдык көрүү, «Чаткал Резорт» улуттук долбоорун ишке ашыруу, ошондой эле Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин иши боюнча актуалдуу маселелер каралды.
Министрлер Кабинетинин башчысы суу-мотордук Формула-1 боюнча дүйнө чемпионаты Борбордук Азияда биринчи жолу өткөрүлүп жатканын жана бул Кыргызстандын туристтик жана инвестициялык потенциалын дүйнөлүк аудиторияга таанытууга мүмкүндүк берерин белгиледи.
Ал тиешелүү мамлекеттик органдарга үстүбүздөгү жылдын августунда Ысык-Көл облусунда өтө турган спорттук иш-чаранын жогорку деңгээлде уюштурулушун камсыз кылууну тапшырды. Кеңешменин жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун инфраструктурасы жана башка уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Кеңешменин алкагында тоо туризмин өнүктүрүүгө, заманбап туристтик инфраструктураны түзүүгө жана аймактын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган «Чаткал Резорт» улуттук долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.
Мындан тышкары, Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин иши боюнча у актуалдуу маселелер каралды. Кеңешменин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.