www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адылбек Касымалиев БУУнун конференциясына катышат

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2025-жылдын 4-5-август күндөрү, деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун Үчүнчү конференциясына катышуу үчүн иш сапар менен Түркмөнстандын Аваза туристтик аймагына иш сапар менен барат.

Иш сапардын алкагында минкаб башчысы деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун Үчүнчү конференциясыннын пленардык жыйынында сөз сүйлөйт. 

Мындан тышкары БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Ошондой эле Адылбек Касымалиев Борбор Азия жана Азербайжан мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусуна арналган жогорку деңгээлдеги жолугушууга катышат.

 

 

Последние новости