www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тергөө кызматкерине пара берүүгө аракет кылган жаранды кармалды, деп маалымдады Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин басма сөз кызматы.

Маалым болгондой, милицияга К.А. аттуу борбор калаанын тургуну арыз менен кайрылып, анда «Т» аттуу белгисиз аял анын жашы жете элек кызына коркутуп, акчалай сыйлык үчүн аны эркектер менен интимдик байланышка барууга мажбурлаганын билдирген.

Бул факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

2025-жылдын 30-июлунда кылмыш иши боюнча сурак учурунда 1977-жылы туулган Б.Т. аттуу жаран кылмыш ишин токтотуу үчүн милиция кызматкерлерине пара сунуштаган, бул тууралуу дароо башкармалыктын жетекчилигине билдирилген.

1-августта Ленин РИИБдин кызматтык кабинеттеринин биринде 100 миң сом пара берип жаткан жеринен Б.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө уланууда.

Последние новости