www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кечээ, 14-июнда Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Балыкчы шаардык жалпы дарыгердик практика борборунун иши менен таанышты.
Иш сапардын жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысы медициналык мекеменин учурдагы абалы, бейтаптарды кабыл алуу шарттары, көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапаты, ошондой эле кадрдык жана жабдуулук камсыздалышы боюнча маалымат алды.
Өзгөчө көңүл жаңы ачылган кардиологиялык бөлүмдүн ишмердүүлүгүнө бурулду.
Бул бөлүм академик М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун түзүмдүк бөлүгү болуп саналат. Ал жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркаган бейтаптарды жергиликтүү деңгээлде жогорку сапатта диагностикалоо, дарылоо жана оперативдүү жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.
Иш сапардын жыйынтыгында Адылбек Касымалиев шаардык оорукананын жаңы имаратын куруу боюнча тиешелүү эсептөөлөрдү жүргүзүүнү тапшырды.