www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«75-иш» боюнча сот процесси коомчулуктун көңүл борборунда турат. Иштин фигуранттарынын арасында УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев, экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулу, ошондой эле Бекболот Талгарбеков, Курсан Асанов, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Эмилбек Узакбаев бар.
Процесстин башынан тарта айыпталуучулардын адвокаттары жана айрым фигуранттар сотту ачык өткөрүү талабын көтөрүп келишти. Бул талап мыйзамдуулук жана коомдук ишеним жагынан негиздүү көрүнгөн. Анткени коомчулук чоң саясий резонанс жараткан иш боюнча бардык жагдайлардын ачык каралышын күтүүдө.
Бирок ошол эле учурда сот имаратынын алдында журналисттер суроо узатканда, айрым фигуранттар комментарий берүүдөн баш тартып кылыктанышкан жоруктары акылга сыйгыс көрүнүш.
Албетте, ар бир айыпталуучунун унчукпай коюуга мыйзамдуу укугу бар. Бирок коом алдында ачыктыкты талап кылып, ошол эле учурда коомдук кызыкчылыкты жараткан суроолорго жооп берүүдөн качуунун өзү жоопкерчиликти билбеген эки жүздүүлүктүн жеткен чеги десек жарашат.
Дегенибиз, эгер ачык сот талап кылынган болсо, анда коомчулукка түшүндүрмө берүүдө да ачык позиция болушу керек эле. Курулай пиар кылып, коомчулукту манипуляция кылгандары Жаратканга да жакпайт.
Арийне, акыркы чекитти сот гана коёт. Ошентсе да ачыктыкты талап кылган саясатчылар өздөрү ошого татыктуу болушса.
Сүрөт: АКИpress