www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“2025-жылы капиталдык салымдар беренеси боюнча мамлекет Ош облусуна 8 млрд 543 млн сомдук жардам көрсөттү, анын 8,1 млрд сому толук каржыланды. Бул каражат 357 объектке жумшалды» - деди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында, Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегиясында сүйлөгөн сөзүндө. 

МинКаб башчысы бөлүнгөн каражаттар 242 социалдык объектке, анын ичинен 133 мектепте курулуш же ремонт иштери жүргөнүн, ал эми 57 бала бакча, 17 саламаттыкты сактоо, 35 маданият жана спорт комплексте иш жүргөнүн, буга жалпысынан 3,7 млрд сом каражат каралганын белгиледи. 

“2025-жылы 114 инфраструктуралык объектте иш жүрүп, 82 автожол үчүн каралган 4 млрд 348 млн сом каражат толук каржыланды. Өзгөн–Мырзаке–Кара-Кулжа жолуна – 2,2 млрд сом, ал эми 13 таза суу, 19 ирригациялык объекттерге 317,9 млн сом берилди”- деген Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Ош облусунун жергиликтүү бюджеттерин колдоого трансферт катары 1 млрд 329,2 млн сом бөлүнүп, жалпысынан республикалык бюджеттен Ош облусуна 2025-жылы 11 млрд сомго жакын каражат киргенин кошумчалады. 

Коллегияда МинКаб Төрагасы Ош облусунун бюджети 2024-жылы 4 млрд 731 млн сомду түзүп, 2025-жылы киреше факт боюнча 6 млрд 447 млн сомго жеткенин, мамлекеттик бюджеттин аткарылышы 2024-жылга салыштырмалуу 2,3 млрд сомго көбөйгөнүн, бирок бул аз экенин белгилеп, ар бир район боюнча жетишкендиктер жана кемчиликтерге өз өзүнчө токтолду. 

“Өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүндө Ош облусунун татыктуу орду бар. Бирок  өндүрүмдүүлүк жакшы эмес. 2025-жылы өнөр жай продукциясын дүң өндүрүү кичинекей Таласта 51 млрд сомду түзсө, Ош облусунда 22,8 млрд сомду түздү, 2,3 эсеге аз” – деди ал.

Аны менен катар МинКаб башчысы бир катар тапшырмаларды берди. Алсак өнөр жай товарларынын сапатын жогорулатууну, экспортту көбөйтүү боюнча аракеттерди күчтөтүүнү, жеке ишкерлердин демилгесин колдогон мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун көбүрөөк  киргизүүнү, ата мекендик жана чет элдик инвесторлорго, ишкерлерге  ыңгайлуу шарттарды түзүүнү тапшырды. 

“Инвестиция тартууну күчөткүлө, ири экономикалык долбоорлорду өз убагында ишке киргизгиле, токтоп турган өндүрүш ишканаларын жандандыруу боюнча демилгелерди көтөргүлө. Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүгө басым жасалсын, көбүрөөк кошумча нарк жараткан өндүрүштөрдү өнүктүрүңүздөр”- деген МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев коллегиянын жыйынтыгында, 2025-жылы аткарылган ийгиликтүү иштер үчүн Өзгөн жана Чоң-Алай райондоруна “жакшы” баа, ал эми жалпы Ош облусуна  “канааттандырарлык” деген баа берди.

Последние новости