www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ош облусунун Кара-Суу районунда жазгы талаа иштерине даярдыктар менен таанышты.

Жыйынга министрликтин аймактагы түзүмдүк кызматкерлери, Кара-Суу районунун акими, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, райондун бардык айыл аймактарынын башчылары, ӨКМдин райондук бөлүмүнүн жетекчиси катышты.

Министр тармактыктык кызматкерлердин жазгы талаа иштерине даярдыктар, минералдык жер семирткичтер менен камсыздоо, сугат каналдарын өз учурунда тазалоо боюнча маалыматтарын укту. Айыл аймактардын башчылары өздөрүнүн аймагында канча гектар сугат жер бар экендиги жана кайсы каналдардан сууну пайдалана тургандыктары тууралуу айтып беришти.

Бакыт Төрөбаев дыйкандарга сертификаты бар үрөндөрдү себүүнүн артыкчылыктарын түшүндүрүүнү, жазгы талаа иштерине даярдыктарды күчөтүүнү тапшырды.

“Биз дыйкандарга азыртадан сертификатталган үрөндөрдү пайдалануунун артыкчылыктарын түшүндүрүшүбүз керек. Сугат мезгилине көйгөйлөр жаралбашы үчүн сугат каналдарын эртелеп тазалап бүтүшүбүз керек”, - деди.

Тийиштүү адистер районго заманбап техникалар келип жатканын, ал дыйканчылыкта зор салым кошуп жатканын билдиришти. “Айыл Банк”, “Элдик Банк” аркылуу дыйкан-фермерлерге арзандатылган насыялар бериле баштагандыгы да жергиликтүү адистер тарабынан айтылды.

 

Последние новости