www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карамагындагы республиканын автомобиль жана ички жолдорунун абалы, ошондой эле унаа жолдорун реконструкциялоо жана куруу боюнча ратификацияланган мыйзамдардын аткарылышы жөнүндө маалымат угулду.

Жыйында аталган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Бекназар Базаралиев баяндама жасады.

Талкуу маалында депутат Бактыяр Калпаев Баткен облусунун Кадамжай районунда башталган автомобиль жолдорун оңдоо жана куруу иштерин бүткөрүү керектигин белгилеп, Шыбран, Совет жана Ак-Турпак калктуу конуштарындагы жолдорго өзгөчө көңүл бурду. Ал эми эл өкүлү Темирлан Айтиев Бишкек шаарынын Түндүк айланма жолунун курулушунун жүрүшүнө кызыгып, ошондой эле Чүй облусунун Достук, Сыдыков жана Чокморов айылдарындагы жолдорду асфальттоо иштерин аяктоону өтүндү.

Муну менен катар депутат Эркинбек Исеналиев транспорт агымынын көбөйүшүнө байланыштуу жол кырсыктары көп катталгандыгын айтып, Кемин шаарында айланма жол куруу боюнча министрликтин пландары тууралуу суроо узатса, депутат Бахридин Шабазов Бишкек - Ысык-Ата жолунун Сары-Жон айылында көпүрө куруу маселесин ортого салды.

Өз кезегинде депутат Бакыт Чомоев Бишкек - Кара-Балта унаа жолунда жөө адамдар үчүн жер астындагы өтмөк курууга чакырып, жолдун жанында мектеп жайгашкандыктан унаалардын көптүгүнөн окуучулар кабылган жол кырсыктары көп катталып жатканын жүйө келтирди. Буга баяндамачы аталган жолдун 28-чакырымындагы тилкесинде жер астындагы өтмөк куруу быйылкы жылдын титулдук тизмесине киргизилип, бул максатка 10 млн сом каралганын билдирди.

Андан тышкары, депутат Рахат Жунушбаева Жети-Өгүз - Койсары жолунун реконструкциялоо иштерине байланышкан маселени тактады.

Жыйынтыгында комитет тарабынан тиешелүү министрликке бир катар тапшырмалар берилди.

Последние новости