www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Журналист Жакшылык Бердибек уулу Фейсбуктагы өздүк баракчасына Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин депутат Өмүрбек Текебаевге карата жалган каралоо уюштуруп жатканын жазып чыккан.
"Адам күнөөсүн мойнуна алса, ал биринчиден акылдуу, экинчиден катасын көрдү жана оңдойт. Абылгазиев болсо маалымат катчысы аркылуу жооп берип, андан кийин беттен алып жалданма фейктер менен Текебаевге жалган каралоо уюштуруп жатат. Биз бир кезде катуу сындап жүргөн Сапар Исаков "Таза Коом", "Коопсуз шаар" сыяктуу ири долбоорлорду иштеп чыккан. Ошол жаш кадрчалык дагы боло албай Абылгазиев айлык алып коюп эле отурат. Бул киши 2016-жылы биринчи вице-премьер-министр, 2017-жылдан бери премьер-министр болуп иштеп келе жатат. Акыркы 4 жылдагы Өкмөттүн ишине жооптуу. Ошол убактан бери кайсыл долбоорду иштеп чыкты? Кайсыл ишти аткарды? Бир эле коркунучтуу мисал айталы: инвестициялык климат өлдү. Бул келечектеги экономика үчүн өтө коркунучтуу..."-дейт журналист Жакшылык Бердибек уулу.
Булак: NazarNews.kg