www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга дейре Жогорку Кеңешке депутат болуп, натыйжада, көзүнө эч нерсе көрүнбөй ченебей көөп, кафедеги кароолчуну сабап, “чоң муштумдугу” менен атагы чыккан Жаныбек Абиров кайрадан депутат болуп шайланды.

Өкүнүчтүүсү, Бишкек шаарынын Ленин районунун айрым тургундары “жүрүш-турушу этикага сыйбаган жоругу” үчүн мандатынан ажыраган “чоң муштумду” кайрадан депутат кылып шайлагандарына көпчүлүк аң-таң болушту.

Көптөн бери, шайлоо процессине байланыштуу учкул сөз катары айтылып жүргөндөй “кыргыздар малды жакшы тандаган менен депутатты жакшы тайндай албай турганыбызды” ар бир шайлоо сайын далилдеп жатабыз.

Болбосо, ат мүдүрүлгөн жерин кайра баспагандай дагы боло албай, дарамет-деңгээлдери анчейин эместерди кайра-кайра шайлап “ит” болбойт элек.

Последние новости