www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда атмосфералык абанын булгануусун азайтуу жана экологиялык таза технологияларды жайылтуу максатында «Абанын сапатын жакшыртуу» мамлекеттик программасы ишке ашырылууда.

Программанын алкагында жарандар жана ишкерлер үчүн жеңилдетилген насыялар каралган. Каржылоо Элдик Банк, Айыл Банк жана Бакай Банк аркылуу жүргүзүлөт.

Жеке жактар экологиялык таза жылытуу жана энергия менен камсыздоо системаларын орнотуу үчүн 1 миллион сомго чейин 6 пайыздык үстөк менен насыя ала алышат.

Ал эми ишкерлерге өндүрүштү модернизациялоо жана энергия үнөмдөөчү технологияларды киргизүү үчүн 5 миллион сомго чейин 10 пайыздык үстөк менен кредиттер берилет.

Насыя каражаттары күн панелдерин, жылуулук насосторун, электр казандарын жана башка экологиялык таза жабдууларды сатып алууга багытталат.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жарандарды жана бизнес өкүлдөрүн программага активдүү катышууга чакырып, бул демилге айлана-чөйрөнү коргоого жана абанын сапатын жакшыртууга чоң салым кошорун белгиледи.

Последние новости