www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Чет өлкөлүк каттоо белгилери бар транспорт каражаттарын легалдаштырууну аяктоо жана жүгүртүүнү жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Документке ылайык, чет өлкөлүк номерлүү унааларды легалдаштыруудан өтпөй калган жарандарга 2026-жылдын 1-сентябрына чейин акыркы жолу кошумча мүмкүнчүлүк берилет. Алар белгиленген тартипте легалдаштыруудан өтө алышат, унааны өлкөдөн чыгарып кетүүгө, запастык бөлүккө сатууга же утилдештирүүгө укуктуу болушат.

Жарлыкка ылайык, кошумча легалдаштыруу бир жолку жана акыркы мүнөзгө ээ болуп, анын мөөнөтү узартылбайт. Ошондой эле бул тартип 2024-жылдын 31-декабрына чейин Кыргызстанга алып келинген жана мамлекеттик каттоодон өтпөгөн унааларга гана тиешелүү болот.

Белгиленген мөөнөттөн кийин легалдаштырылбаган транспорт каражаттарын өлкө аймагында пайдаланууга тыюу салынат. Жарлыктын талаптарын аткарбаган учурда мындай унаалар соттун чечиминин негизинде атайын токтотуучу жайларга киргизилип, кийин утилдештирилет.

Министрлер Кабинетине 30 күндүн ичинде кошумча легалдаштыруу жана унааларды утилдештирүү тартибин иштеп чыгуу тапшырылды.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Последние новости