www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Литва өз аймагына өзөктүк курал жайгаштыруу боюнча Америка Кошмо Штаттары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Бул тууралуу Литванын коргоо министри билдирди.

Министр Робертас Каунас журналисттерге сүйлөшүүлөр дагы эле уланып жатканын айтты.

Белгилей кетсек, бул сүйлөшүүлөр Американын Европадагы аскердик катышуусун кыскартуу аракеттеринин фонунда жүрүп жатат.

Литванын Конституциясы массалык кыргын салуучу куралдарды өлкө аймагына жайгаштырууга тыюу салат. Бирок өлкө президенти Гитанас Науседа коопсуздукка байланыштуу коркунучтарды жүйө келтирип, негизги мыйзамга өзгөртүү киргизүү мүмкүн экенин билдирген.

Ушул аптада «Файнэншл Таймс» гезити Американын расмий өкүлдөрү Түндүк Атлантикалык келишим уюмунун чыгыш тарабында өзөктүк дүрмөттөрдү жана бомбалоочу учактарды жайгаштыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын жазды.

Азыркы учурда Американын өзөктүк куралдары Германияда, Бельгияда, Италияда, Түркияда, Нидерландда жана Улуу Британиядагы аскердик объектилерде сакталууда.

Последние новости