www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2025-жылдын 2-октябрында Баткен ШИИБге 28 жаштагы Баткен районунун тургуну кайрылып, Баткен шаарынын 46 жаштагы тургуну Э.С. анын ишенимине кирип, "абактагы атаңды бошотуп берем" деп убада берип, 1 500 000 сом акчасын алдап алып, ушул күнгө чейин түрдүү шылтоолор менен качып жүргөнүн билдирген.
Бул факт боюнча кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза Кодексинин 209-беренеси Алдамчылык) менен катталып, Баткен ШИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн жүргүзгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында шектүү Э.С. кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы