www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖАМК камактагы оппозиционерди башка "зэк"  ургандыгын тактады

Молдавановкадагы 31-түзөтүү абагында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан оппозициялык активист Мелис Аспековго кол салуу болду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына жарандык сектордун өкүлү Адиль Турдукулов билдирди.

-Бул тууралуу билдирүү кечээ кечкурун келип түштү, - дейт ал. - Аспековду башка камаган адам урган. Анын саматтыгы тууралуу так маалымат жок. Менин оюмча, бул түрмө жетекчилигинин кылганы. Мелистин саясий өңүттөгү иш боюнча камалгандыгы жалпыга маалым.  Саясий камактагылар үчүн күчөтүлгөн коопсуздук чаралары болуш керек. Бул окуяны иликтөө боюнча комиссия түзүү зарыл.

ЖАМК бул окуянын болгондугун Vesti.kg сайтына тактап берди.

Саат 22:30 чамасында Мелис Аспековдун камерасына башка бир камактагы киши кирип, аны камералашы экөөнү тең сабап кеткен, - деп аныкташты мекемедегилер. - Сакчылар аларды заматта жай-жайына койду. Аспековду медиктер дароо эле карашты. Катуу жаракат алган эмес. Бул иш боюнча иликтөө жүрүп жатат.

Vesti.kg сайты УКМК 2017-жылы октябрда депутат Канатбек Исаевдин кылмыш ишинин алкагында Мелис Аспековду кармагандыгын эскерте кетели. Аны массалык башаламандык уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга аракет кылды деп айып тагышкан.

Бул айыптоого Бабанов  бизди колдойт деген телефондогу сүйлөшүү негиз болуп берген. Кыскасы Бабановдун шайлоо штабы алардын Мелис Аспеков менен болгон кызматташтыгын четке какты.

Булак: vesti.kg

Последние новости