www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Англис тили мугалимдерин окутууга багытталган "Жаңы муунга билим берүү" долбоору жыйынтыкталды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Долбоор өлкөнүн бардык жети облусунда жана Бишкек шаарында ишке ашырылып, 800 англис тили жана 400 STEM мугалимин камтыды. Ал мугалимдердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга жана заманбап, натыйжалуу сабактарды өткөрүү үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталды.
Долбоордун жыйынтыктоочу аземине катышкан агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева англис тили заман талабы экенин белгилеп, аны билүү эл аралык билим берүү программаларына жол ачарын айтты. Ошондой эле келечекте STEM дисциплиналарын дүйнөлүк стандарттарга ылайык англис тилинде окутуу пландалып жатканын билдирди.
Программанын алкагында 64 улуттук тренер-мугалим оффлайн форматта интенсивдүү окутууларды жана ай сайын онлайн вебинарларды өткөрүштү. Алар англис тилин өркүндөтүү, долбоордук окутуу (PBL), окуучуга багытталган усулдарды киргизүү жана окуу материалдарын жергиликтүү шартка ылайыкташтыруу багытында республика боюнча мугалимдерди окутушту.
Долбоор Lingua инновациялык билим берүү коомдук фонду тарабынан Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту жана АКШнын Кыргызстандагы Элчилигинин колдоосу менен ишке ашырылды.
Иш-чара долбоордун катышуучуларын сыйлоо аземи менен жыйынтыкталды.