www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

6-апрелде Кадыр түн белгиленет

Өлкөдө Кадыр түн 6-апрелге караган түнү болот. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Муфтият Кадыр түндө аалымдардын баяны айтылчу телекөпүрө уюштурууну пландап жатат. Адатта Кадыр түн Орозо айынын 27-түнү белгиленет. Бул түнү мусулмандар таң аткыча уктабай, мечиттерде имамдар баян айтып, Мухаммед пайгамбардын хадистерин окушат.

Кадыр түн араб тилинен которгондо кудурети күчтүү деген маанини билдирет. Бул түнү мусулмандар эң чоң байлыкка — Алла Тааладан күнөөлөрүнүн кечирилишине ээ болот. Кадыр түн күн баткандан таң аткыча уланат.

Бул түндү көңүл ачуучу жайларга барбай, ушак айтпай, спирт ичимдигин ичпей, көркөм тасма же сериал көрбөй өткөрүү керек. Ошондой эле кадыр түн ыр-бий менен өтпөшү зарыл.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости