www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 31-августунда Бишкекте өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылышына келген көрүүчүлөр үчүн «Бишкек Аренага» атайын шаттл-автобустар уюштурулат.

Шаттл-автобустар шаар боюнча белгиленген 21 пункттан каттайт. Көрүүчүлөр өздөрүнө ыңгайлуу болгон жерден автобуска отуруп, «Бишкек Аренага» жете алышат.

Шаттл-автобустардын жөнөө пункттары:

  1. Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши;
  2. Жибек Жолу проспектиси менен Кулиев көчөсүнүн кесилиши (мурдагы Батыш автобекети);
  3. Барпы Алыкулов көчөсү, 32 (Киркомстрой);
  4. А. Токомбаев көчөсү, 3/7 (Асанбай кичи району);
  5. «Ак-Кула» автобекети — Кожомкул айылы, Фрунзе көчөсү, 13Б/1;
  6. Ауэзов көчөсү, 4 (Аламүдүн-1 кичи району);
  7. «Тунгуч» кинотеатры, 64/1;
  8. Аул көчөсү, 10А/1 (Кожзавод);
  9. Жибек Жолу проспектиси, 263/2 (мурдагы Чыгыш автобекети);
  10. Иса Ахунбаев жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилиши (Көк-Жар конушу);
  11. Алтымышев көчөсү, 98/1;
  12. Заречное айылы, Ала-Арча көчөсү, 1/6 («Глобус»);
  13. Эркиндик бульвары, 1/А (темир жол бекети);
  14. Жаш Гвардия көчөсү, 287 (Маевка айылы);
  15. Малдыбаев көчөсү, 275/6 (Жаштар кварталы);
  16. Шабдан Баатыр көчөсү, 52 (ДЕПО-2);
  17. Ю. Фучик көчөсү, 6 (ДЕПО-1);
  18. Дэн Сяопин проспектиси, 209;
  19. Гагарин көчөсү, 284 — Фрунзе көчөсү менен кесилишкен жер;
  20. Ала-Тоо көчөсү, 115 (Ала-Тоо конушу);
  21. Тыналиев көчөсү, 16.

Иш-чара аяктагандан кийин көрүүчүлөр «Бишкек Арена» стадионунан аталган пункттарга тиешелүү багыттар боюнча кайра каттаган шаттл-автобустарды пайдалана алышат.

Бишкек мэриясы шаар тургундарына жана борбор калаанын конокторуна каттамын алдын ала пландап, өздөрүнө ыңгайлуу болгон жөнөө пунктун тандап алууну сунуштады.

Шаттл-автобустардын жөнөө пункттары жана каттамдары тууралуу маалыматты «Менин шаарым» («Мой город») мобилдик тиркемесинен көрүп, транспорттун кыймылын онлайн көзөмөлдөөгө болот.

Мэрия көрүүчүлөргө иш-чара аяктагандан кийин «Бишкек Аренага» келген каттам боюнча кайра кайтууну сунуштайт.

Последние новости