www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Африкадагы Жибути Республикасынын жээгинде мигранттарды ташып бара жаткан кеме оодарылып, жүздөн ашуун адам каза болду.

Кемеде 305 адам болгон. Кырсыктан 109 адам каза болуп, алардын 15и балдар экени маалымдалды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги БУУнун түзүмүнө кирген Эл аралык миграция уюмуна шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка ылайык, мигранттарды ташыган кеме Йеменди көздөй бара жаткан. Ал 9-октябрга караган түнү Кызыл деңизге чөгүп кеткен. Учурда 116 адам дайынсыз болууда. Болжол менен 80 адам аман калган. Алардын баары Эфиопиянын жарандары. Издөө-куткаруу иштери дагы деле уланууда.

Африканын мүйүзү аймагынан Баб-эль-Мандеб кысыгы аркылуу Йеменге жана Сауд Арабиясына баруучу каттам Чыгыш Африка өлкөлөрүнөн чыккан мыйзамсыз мигранттар колдонгон негизги багыттардын бири болуп саналат.

Жибути Африканын түндүк-чыгышында, Африка мүйүзү деп аталган аймакта жайгашкан.

Последние новости