www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунда өткөрүлгөн рейддин жыйынтыгында экологиялык мыйзамдарды бузуу боюнча 9 административдик протокол түзүлүп, жалпы 102 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, автоунаалардан чыккан зыяндуу заттардын белгиленген ченемдерден ашуусу боюнча 7 протокол түзүлүп, 68 миң сом айып пул салынган.

Ошондой эле Узун-Кыр жана Жайылма айыл өкмөттөрүндө таштандыларга байланыштуу мыйзам бузуулар аныкталып, 34 миң сом айып пул салынды. Жооптуу тараптарга таштандыларды тазалоо жана аймактарды таза кармоо боюнча эскертмелер берилди.

Рейддер экологиялык мыйзамдардын сакталышын жана атмосфералык абанын корголушун камсыз кылуу максатында өткөрүлдү.

Последние новости