www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Беларусиянын Витебск шаарында ЖККУнун «Бузулгус бир туугандык-2026» тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн командалык-штабдык машыгуусунун жана «Тосмо-2026» атайын машыгуусунун ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу ЖККУнун машыгууларынын биргелешкен басма сөз борбору билдирди.
Иш-чарага ЖККУнун жетекчилигинин, Беларусиянын Коргоо министрлигинин өкүлдөрү жана катышуучу өлкөлөрдүн аскердик контингенттеринин өкүлдөрү катышты.
Машыгуулардын максаты — тынчтык орнотуу операцияларын даярдоо жана өткөрүү, аскердик жана күч түзүмдөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу, ошондой эле биологиялык коркунучтарды жоюу боюнча көндүмдөрдү өркүндөтүү.
Машыгууларга Беларусия, Кыргызстан, Казакстан, Россия жана Тажикстандын аскер кызматкерлери катышууда. Жалпысынан 1 500дөн ашык аскер кызматкери, 300дөн ашуун курал-жарак жана аскердик техника, анын ичинде 80ге жакын учкучсуз учуучу аппарат тартылган.
«Бузулгус бир туугандык-2026» машыгуусу «Лосвидо» полигонунда, ал эми «Тосмо-2026» атайын машыгуусу «Стародорожский» полигонунда өтүүдө.