www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2025-жылдын аягына карата Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын реестрине виртуалдык активдер боюнча кызмат көрсөткөн 82 компания катталган. Алардын ичинде алмаштыруу операторлору, криптобиржалар жана эмитенттер бар.
Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө жөнгө салуучу орган мыйзам талаптарын, лицензия шарттарын аткарбаган жана ички көзөмөлдү талаптагыдай жүргүзбөгөндүгү үчүн рыноктогу 26 катышуучунун лицензиясын кайтарып алган. 45 мыйзам бузуу боюнча протокол түзүлгөн.
Кызмат бул көзөмөл чаралары рынокту ачык-айкын кылуу, керектөөчүлөрдү коргоо жана кирешелерди адалдоого байланышкан тобокелчиликтерди азайтуу үчүн күчөтүлгөнүн билдирет. Ири айланымдар жана операциялардын чек арадан өтүү себеби менен крипторынок өзгөчө көңүл чордонунда болмокчу. Ошондой эле ведомство рыноктун мындан аркы өнүгүүсү катышуучулардын тартибине жана талаптарга ыңгайлаша алышына байланыштуу болорун белгилеп, көзөмөлдү кийинки жылдары да катуу улантарын билдирди.