www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2024-жылдын үч айында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги бир катар ишканаларды абанын булганышы боюнча текшерген. Бул тууралуу тиешелүү министрликтен билдиришти.

Натыйжада бир катар мыйзам бузуулар аныкталып, “Укук бузуулар жөнүндө” кодекстин 230-беренесине ылайык жалпы суммасы 607 миң сом айып салынды. 

Атмосфералык абанын булганышынын, атап айтканда атмосферага көмүр кычкыл газы, азоттун, күкүрттүн кычкылдары, ошондой эле адамдардын, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн ден соолугуна коркунуч туудурган, айлана-чөйрөнүн жалпы абалына терс таасирин тийгизген катуу бөлүкчөлөр (чаң) жана оор металлдар сыяктуу зыяндуу жана уулуу заттардын атмосферага чыгышын эске алуу менен Жаратылыш министрлиги жарандарга, ишкерлерге, компанияларга жана уюмдарга кайрылып, КРнын «Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө» мыйзамын так аткарууга чакырат.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости