www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2 банкка 293 миң сом айып салынды

Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы кылмыштуу ишмердүүлүктү каржылоого жана мындай кирешелерди адалдоого каршы мыйзамдарды бузгандыгы үчүн 2 коммерциялык банкты жоопкерчиликке тартты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Салынган айып пулдардын жалпы суммасы 293 миң сомду түздү.

Маалыматка ылайык, банктар ички көзөмөл системасын уюштуруу боюнча талаптарды бузушкан, анын ичинде ички көзөмөл программаларын колдонуу, тобокелдикке багытталган мамилени колдонуу жана кардарларды тийиштүү текшерүүдөн өткөрүү да бар.

Ошондой эле көзөмөлдөөгө жана билдирүүгө тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү берүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү бузулгандыгы, финансылык санкциялар колдонулбагандыгы аныкталды.

Последние новости