www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башкы прокурор Максат Асаналиев 9-декабрда Нарын шаарынын прокуратурасынын жаңы административдик имаратын салтанаттуу түрдө ачты.
Башкы прокурор өз сөзүндө «Нарын шаарынын прокуратурасынын өз алдынча, заманбап талаптарга жооп берген имаратка ээ болушу — бул жөн гана курулуш объектинин бүтүшү эмес, мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын укуктарын коргоо жана коомго тийиштүү кызмат көрсөтүүнүн сапатын жаңы деңгээлге көтөрүү багытындагы маанилүү кадам. Бул имарат — жалпыга ачык, жеткиликтүү жана натыйжалуу прокуратура түзүү максатыбыздын көрсөткүчү» – деп билдирди.
Буга чейин Нарын шаарынын прокуратурасынын өз алдынча имараты болбогондуктан, Нарын областынын прокуратурасы менен бир имаратта иш жүргүзүп келген. 2025-жылдын апрель айында башталган курулуш иштери толугу менен аяктап, заманбап талаптарга жооп берген жаңы имарат кызматкерлер үчүн иштөөгө ыңгайлуу шарттар жана жарандарды кабыл алууга ылайыкталган кеңири мүмкүнчүлүктөр менен камсыздалды.
Белгилей кетсек, учурда өлкөнүн бир катар аймактарында укук коргоо тутумун чыңдоо жана прокуратура кызматкерлеринин иш шарттарын жакшыртуу максатында мамлекет тарабынан жаңы административдик имараттар жана кызматтык үйлөр курулууда.