www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Араван районунун Кең-Сай массивиндеги жер тилкелерин трансформациялоо боюнча 5 мурдагы мамлекеттик кызматкер коррупцияга шектелип кармалышты. Бул тууралуу Ош ОИИБинен билдиришти.

Алар: 

1. Араван райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын мурдагы башчысы 1967-жылы туулган А.Б.,

2. Араван районунун Нурабад айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы 1953-жылы туулган А.К.,

3. Араван райондук жер ресурстары геодезия жана картография боюнча кадастр мамлекеттик мекемесинин мурдагы жер адиси 1969-жылы туулган И.А., 

4. Нурабад айыл өкмөтүнүн мурдагы жер адиси 1968-жылы туулган Ю.А. 

5. Араван райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын мурдагы адиси 1985-жылы туулган М.У.

Шектүүлөр Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) негизинде тергелип жаткан кылмыш иши боюнча шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда Араван РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка тиешеси бар башка атуулдарды аныктоо максатында ыкчам-тергөө амалдары уланууда.

Последние новости