www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бейшембиде көпчүлүк аймактарда жамгыр, бийик тоолуу райондордо кар жаап, күн күркүрөп, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй менен Таласта +18... +23, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +20... +25, Ысык-Көлдө +17... +22, ал эми Нарында +19... +24 градус болот.
Бул күнү Бишкек, Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +20...+22, Ошто +23...+25 градуска жетет.
Булак: NazarNews.kg