www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

17 жаштагы Расул Кылычбеков 3 айдан бери дайынсыз

Бишкек шаарында өспүрүм курактагы Кылычбеков Расул Руслановичти издөө иштери уланып жатат.

Свердлов РИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 2007-жылы төрөлгөн Русландын апасы милиция кызматына 2023-жылдын 13-декабрында кайрылган. Анын айтымында, уулу Фере көчөсүндөгү үйүнөн 2023-жылдын 5-декабрында чыгып кеткен бойдон дайынсыз.

Р.Кылычбеков кара свитер, кара бут кийим, күңүрт-көк шым кийип жүргөн. Анын бою 160-165 см чамалуу.

Милиция Расул Кылычбеков тууралуу маалыматы бар жарандарды кабар берүүгө чакырат. Байланыш номуру: 0704-103-102, 0702-49-88-88, 0709-33-24-63 жана «102» кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости