www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эртең, 11-майдан тартып карантиндик режимде ар кайсы багыттагы экономикалык ишмердүүлүккө уруксат берилет. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Уруксат берилген ишмердүүлүктөрдүн тизмеси. Финансылык жана башка кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүнөн:

  • микрофинансылык уюмдар;
  • камсыздандыруу компаниялары;
  • күрөөкана;
  • акча алмаштыруу жайлары;
  • кыймылсыз мүлк боюнча агенттиктер;
  • туристтик агенттиктер;
  • адвокаттык кызматтар;
  • басма кызматтары.

Калкты тейлөө кызматтарынан:

  • сантехникалык, электромонтаждык жана жыгач устачылык иштер;
  • тиричилик техникаларын, машиналарды, аппараттарды жана шаймандарды оңдоочулар;
  • химиялык тазалоо.

Соода чөйрөсүнөн:

  • курулуш материалдарынын дүкөндөрү жана базарлары;
  • автотетик, велотетик, комплекттөөчү тетиктер, май жана автомобиль сырларын сатуу базарлары.

Тигүү жана булгаары иштетүү тармактары үчүн кездемелерди, фурнитураларды жана башка буюмдарды сатуу базарлары:

  • автосалондор – унаа базардан сырткары;
  • массалык маалымат каражаттары.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости