www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик салык кызматы товарларды маркалоо системасында 2026-жылдын 11-июнунан 15-июнуна чейин техникалык иштер жүргүзүлөрүн маалымдады.
Бул мезгилде системанын айрым сервистерине убактылуу чектөөлөр киргизилет.
Тактап айтканда:
Ички маркалоо системасы
Товарларды маркалоонун Мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык системасына (ТМ МАМС) жетүү 2026-жылдын 11–15-июну аралыгында убактылуу жеткиликсиз болот.
Тышкы маркалоо
Товар жүгүртүүнүн катышуучулары үчүн маркалоо коддорун заказ кылуу модулу (МКЗМ) 2026-жылдын 13–15-июнунда чектелет.
Ведомствонун маалыматына ылайык, товар жүгүртүүнүн катышуучуларына ишмердүүлүгүн алдын ала пландаштырып, керектүү маркалоо коддорун өз убагында заказ кылуу жана техникалык иштер башталганга чейин бардык операцияларды бүтүрүү сунушталат.
Белгилей кетсек, 25-майдан тартып маркалоо системасынын улуттук оператору болуп Учкун ААК аныкталган. Бул чечим мурдагы оператор Альфа Телеком ЖАК ордуна кабыл алынган.
Оператор алмашуусуна байланыштуу системанын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу максатында маалыматтарды миграциялоо жана маркалоо коддорун чыгаруу параметрлерин жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө.
Салык кызматы белгилегендей, оператордун алмашуусу маркалоо коддорун алуу тартибине таасир этпейт.
Бардык операциялар мурдагыдай эле интернет платформалар аркылуу жүргүзүлөт: ички маркалоо үчүн — teksher.kg, тышкы маркалоо үчүн — label.teksher.kg.