www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Төрага Марлен Маматалиев Кыргыз Республикасынын 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы боюнча куттуктоо жолдоп, бул окуяны өлкө тарыхындагы маанилүү жетишкендик катары баалады.

Төрага белгилегендей, бул ийгилик Кыргызстандын акыркы жылдардагы тышкы жана ички саясаттагы жетишкендиктеринин натыйжасы болуп саналат.

Анын айтымында, дүйнө коомчулугунда мурда Кыргызстан тууралуу ар кандай көз караштар болгон учурлар да катталган.

«Акыркы беш жылда Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында мамлекетибизде олуттуу өзгөрүүлөр болуп, экономикалык көрсөткүчтөрүбүзгө эл аралык каржы институттары жана башка өлкөлөрдүн лидерлери да жогору баа берип келишет.

Ошондуктан бул жетишкендик өлкө башчынын тең салмактуу жана активдүү тышкы саясатынын жемиши», — деди Марлен Маматалиев.

Ал ошондой эле БУУдагы шайлоо жараянынын татаалдыгын белгилеп, ага 190дон ашуун мамлекет катышарын эске салды. «Ар бир өлкө өзүнүн позициясын билдирип, добуш берет.

Демек, бул жеңиштин артында чоң эмгек турат», — деп кошумчалады Төрага.

Маматалиевдин айтымында, Кыргызстандын БУУ Коопсуздук кеңешине шайланышы өлкөнүн эл аралык аброюн бекемдөөгө, дүйнөлүк маанилүү маселелерге катышууга жана туристтик, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө шарт түзөт.

Последние новости