www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын башынан тартып Кыргызстандын суу объектилеринен жалпы 59 миң метр мыйзамсыз орнотулган синтетикалык балык уулоо торлору чыгарылып, 1 тоннадан ашык таштанды тазаланды.
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору көлдөрдө жана суу сактагычтарда экологиялык коопсуздукту камсыздоо максатында күнү-түнү рейддик иштерди жүргүзүп келишет. Мыйзамсыз балык уулоого каршы күрөш күчөтүлгөн тартипте улантылууда.
Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында:
Учурда өлкөдө балыктардын урук чачуу мезгили жүрүп жаткандыктан, суу биоресурстарын коргоого өзгөчө көңүл бурулууда.
Адистердин айтымында, ар бир сакталган балык келечектеги популяциянын сакталышына жана суу экосистемасынын тең салмагына түздөн-түз таасир этет.