www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

10-июлда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолордо кар жаашы ыктымал. Күндүз көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолордо кар жаап, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Кээ бир райондордо мөндүр жаашы ыктымал. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 26…31;

Талас жергесинде түнкүсүн 13...18, күндүз 25…30;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 16…21, күндүз 28…33;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…+2, күндүз 9…14 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 29…31 градус болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости