www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-майдан тартып электр энергиянын баасы канча сом болот?

1-майдан тартып электр энергиянын бааасы 1 сом 11 тыйын болот. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу департаментинин директору Тимур Орозалиев билдирди.

Тактап айтканда 1 айда 700 кВт/саатка чейинки электр энергия колдонгон абонент 1 сом 11 тыйындан төлөйт. Учурдагы баа — 1 сом.

Орозалиевдин айтымында, абоненттердин 80 пайызы бир айда 700 кВт/саатка чейин электр энергия сарптайт. 20 пайызы гана 700 кВт/сааттан көп электр энергия колдонот.

Ошндой эле 700 кВт/сааттан көп электр энергия сарптагандар 2 сом 39 тыйындан төлөп башташат. Учурда алар 2 сом 16 тыйындан төлөшөт. Андан тышкары аз камсыздалган үй-бүлөлөр бүгүнкү күндө 50 тыйындан төлөшөт. 1- майдан тартып алар 55 тыйындан төлөп башташат.

«Мындай түзөтүүлөр жыл сайын болуп турушу керек, себеби биздин мамлекетте башка өлкөлөргө салыштырмалуу электр энергиянын баасы өтө төмөн. 2010-жылдан бери тарифтер жогорулаган эмес», - дейт Орозалиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости