www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 5-февралында Орусия менен АКШнын ортосундагы Стратегиялык чабуул коюучу куралдар боюнча келишим (СЧК-III) расмий түрдө күчүн жоготот. Бул келишим эки өлкөнүн өзөктүк арсеналын чектеп, ондогон жылдар бою эл аралык коопсуздуктун негизги тиреги болуп келген.
2010-жылы кол коюлуп, 2021-жылы 2026-жылга чейин узартылган СЧК-III өзөктүк дүрмөттөрдүн санын 1550, ал эми аларды алып жүрүүчү каражаттарды 700 жайгаштырылган бирдик менен чектеп турган. Ошондой эле келишим текшерүүлөрдү, маалымат алмашууну жана эки тараптуу консультациялык комиссиянын ишин караган.
Бирок пандемия, Украинадагы согуш жана өз ара айыптоолор келишимдин иш жүзүндө иштешин токтотту. 2023-жылы Орусия СЧК-IIIге катышуусун токтоткон. АКШ менен Орусия ортосундагы мамилелердин кескин начарлашы жаңы макулдашууга жетишүүгө мүмкүнчүлүк бербей койду.
Владимир Путин келишимдеги чектөөлөрдү өз ыктыяры менен дагы бир жыл сактоону сунуштаган, бирок текшерүү механизмдерисиз. АКШ президенти Дональд Трамп болсо СЧК-III аяктаса да, “андан да жакшы келишим түзүүгө болот” деген позициясын билдирген жана Кытайды да камтыган жаңы келишим керектигин айткан.
Эксперттердин баамында, СЧК-IIIтүн аякташы курал-жарактарды көзөмөлдөө системасынын толук кыйрашын билдирет. Бул өзөктүк жарыштын жаңы айлампасына, куралдардын көбөйүшүнө жана ишенимдин жоголушуна алып келиши мүмкүн. Орусия да, АКШ да жаңы стратегиялык куралдарды активдүү иштеп чыгууда. Ал эми СЧК-IIIтүн соңуна чыгышы менен дүйнө өзөктүк коопсуздуктун мурдагы таянычтарынан ажырап, белгисиз жана кооптуу доорго кадам таштады.