www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ала-Тоо Резорт" ААК жана Doppelmayr компаниясы Жыргалаң курортуна кошумча төрт асма жол куруу боюнча келишимге кол коюшту.
Мекемеден билдиришкендей, документке "Ала-Тоо Резорт" ишканасынын жетекчиси Жаркынбек Максутов жана Doppelmayr компаниясынын бөлүм башчысы Валерий Яшин кол койду.
Бул долбоор Ысык-Көлдө заманбап тоо-лыжа курортун куруунун уландысы болуп саналат. Былтыр башталган эки негизги асма жол ушул жылдын май айында ишке берилет. Жаңы келишимге ылайык, жыл аягына чейин дагы төрт асма жол курулуп, алардын жалпы узундугу 8 чакырымга, ал эми лыжа трассалары 46 чакырымга жетет.
Валерий Яшин билдиргендей, курортту өнүктүрүүнүн мастер-планы даярдалып, биринчи этапта асма жолдордон тышкары бардык керектүү инженердик инфраструктура курулат. Жабдуулар дүйнөлүк стандарттагы заманбап технологияларга негизделген.
Тоолуу аймактын татаал шартына карабастан, подрядчы компания иштерди белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү пландоодо. Курорттун биринчи этабы толугу менен ушул жылдын декабрь айында аяктап, туристтерди кабыл ала баштайт