www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азербайжандын Улуттук илимдер академиясынын Жалпы жыйынында академиянын президенти Иса Габиббейли билдиргендей, Хожавенд районундагы Таглар үңкүрүндө жүргүзүлгөн археологиялык казуулар учурунда 80 миң жыл мурда жашаган неандертал адамдын жаңы палеоантропологиялык калдыктары табылды.

Казуулар Археология жана антропология институтунун жетектөөчү илимий кызматкери, тарых илимдеринин доктору, доцент Азад Зейналовдун жетекчилиги астында азербайжан-япон илимий экспедициясы тарабынан жүргүзүлгөн.

Иса Габиббейлинин айтымында, табылган материалдар учурда Японияда көмүртек (радиокөмүртек) анализинен өткөрүлүүдө.

«Эгерде изилдөөчүлөр ишенип жаткан бул табылга толук ырасталса, анда ал 1968-жылы профессор Мамедали Гусейнов тарабынан Азых үңкүрүнөн табылган эң байыркы адамдын жаагынан кийинки дүйнөлүк маанидеги экинчи ачылыш болуп эсептелет», — деди ал.

Последние новости