www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жылдыз Жолдошова Садыр Жапаровго чукул Кайрылуу жасады

Саясатчы Жылдыз Жолдошова Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго Ачык кат жолдоду.

«Урматтуу Садыр иним, Сизге дагы бир жолу ачык кат аркылуу кайрылууга туура келди...

Тилекке каршы, ар бир президенттин бийлиги, эгемендүүлүккө ээ болгон жылдарыбыздан кийинки учурда, коомго терс «нормаларды» киргизип келишет. Эл айтса, туура айтат. Сиздин бийлигиңизге бир жыл болбой үч өтө жаман «нормалар» коомго сиңип баратат:

1. Кыйналып турган адамга жакшылык кылсаң, ал бийликке жеткенде, жакшылык кылган адамдарга душмандай мамиле кылса болот деген.

Мындан келди, башына оор күн түшүп турган адамга жакшылык кылбоо керек деген «норма», коомдон орун алды.

2. Фейк фабрикаларды, группаларды ачып, жалданма адамдардын тобун түзүп, чындыкты сүйлөгөн инсандардын үстүнөн «жугунду» куйса болот, о.э. «чекесинен камоо» керек деген дагы бир өтө «жийиркеничтүү норма» кирди.

3. Толук кандуу бийликке ээ болгон президент, өзүнө түздөн-түз баш ийген министри аркылуу (мисалы А.Бейшеналиев) кимди болбосун сөктүрүп, шылдыңдатып, кемсинтип, кууп чыгып, мыйзамды тебелеп, адамдардын аброюна шек келтирүү менен чектелбестен, тебелеп-тепсесе боло берет деген, «хандар» жасабаган өкүнүчтүү «норманын» кириши.

Садыр Нургожоевич, Кыргыз Республикасы эркин, эгемендүү өлкө. Кыргыз эли, акыйкатты, адилеттүүлүктү, калыстыкты туу туткан эл. Биз баарыбыз Сизге ишенип, Сиз эмнени кааласаңыз баарын колдоп бергенбиз.

Түрмөдөн чыгып эле, «премьер-министр, анан президент болом, болгондо да абсалюттук бийликти бергиле мага» дедиңиз. 100% колдобосо да, 35 % шайлоочулар колдоп бердик. «Өлкөбүздөгү бардык маселеге керт башым менен жооп берем, президенттик башкаруу системага келели» дедиңиз.

Эл-журт ага да макул болду. Азыр эмне болуп жатат? Азык-түлүк көрүп билбегендей кымбат, доллар менен евро курсу секунд сайын өсүп жатат, кредиттерин төлөй албаган жарандарыбыз кимге «даттанышын» билбейт, дары-дармектин баасын айтпай эле коёлу. Жаз келди... Дыйкандар эгин эге албай жатышат ж.б.у.с. маселелер чечилбей жатканы өкүндүрөт. Ошондой эле, топтолгон маселелер акырындык менен «бозодой» кайнап жатат. Элдин үнүн уккан эч ким жок...

Элдин чыдамы кетип баратат, Садыр иним... А Сиздердин чечкиндүү кадамыңар көрүнбөйт.

Тез аранын ичинде чара көргүлө жогорудагы проблемаларга, ошону менен көйгөйлүү болгон, чек ара маселесин чечкиле. Антпесеңер карапайым элге өтө, өтө кыйын болуп калды жана болот. Дүйнөлүк кризис ж.б. шылтоолор өтпөй калат, убакыттан уттурсаңар. Убактыңар ченелүү, менин ачык катымды туура, түз кабыл алыңыз.

Элиңиздин, ишеничин, үмүтүн үзүп албаңыз», - деп белгилеген Жолдошова.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости