www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика жана коммуникация институтунда Кыргыз радиосунун 95 жылдыгына жана институттун 70 жылдыгына карата ф.и.к., доцент Ч.Капарованын «Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы (1926–2026)» аттуу китебинин бет ачар аземи болуп өттү.

Иш-чарага медиа тармагынын өкүлдөрү, белгилүү журналисттер, окумуштуулар жана ардактуу коноктор, УТРКнын жамааты катышып, кыргыз журналистикасынын тарыхы, бүгүнкү абалы жана келечеги, китептин тарыхый орду тууралуу пикирлери менен бөлүшүштү.

Иш-чарада Улуттук университеттин ректору Д. Чонтоев журналистиканын коомдогу ордуна токтолуп, бул тармак коомдук пикирди калыптандырууда жана улуттук баалуулуктарды сактоодо маанилүү роль ойной турганын белгиледи. Ал китептин жарыкка чыгышын тарыхый мааниге ээ эмгек катары баалады.



Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы А.Койчиев журналистика коомдун эс тутуму экенин айтып, бул китеп келечек муундар үчүн ишенимдүү маалымат булагы болоорун баса белгиледи.

Кыргыз эл артисти, профессор М.Мамбетакунов телерадио тармагынын маданий маанисине токтолуп, анын өнүгүшү улуттук искусство жана руханий дүйнө менен тыгыз байланышта экенин айтты.
Белгилүү тарыхчы, публицист жана журналист, тарых илимдеринин кандидаты, профессор К.Молдокасымов китептин тарыхый баалуулугун белгилеп, анда кыргыз телерадиосунун калыптаныш жана өнүгүү этаптары кеңири чагылдырылганын билдирди.

Ал эми белгилүү журналист, окумуштуу жана дипломат, филология илимдеринин доктору, профессор Кубан Мамбеталиев эмгектин сапатына жогору баа берип, журналистиканын жоопкерчилиги жана тармактагы кесипкөйлүктүн мааниси тууралуу өз пикирин билдирди.
Белгиленгендей, китеп Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын тарыхына арналган. Анда өлкөнүн советтик доордон тартып эгемендик мезгилине чейинки радиоуктуруу жана телекөрсөтүү тармагынын калыптанышы, өнүгүү этаптары, мамлекеттик жана коомдук макамдагы ишмердүүлүгү кеңири баяндалат.

Автор эмгекти даярдоодо архивдик материалдарга, жеке иш тажрыйбасына, ошондой эле топтолгон аудио жана видео булактарга таянган. Мындан тышкары, азыркы санариптик технологиялар шартында телекөрсөтүүнүн өнүгүү тенденциялары талданып, корпорациянын бүгүнкү абалы да чагылдырылган.
П.Джаныбекова, адис