www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы борбордук стадиондун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Учурда шаарда 5 миңден ашуун көрүүчүгө ылайыкталган заманбап стадион курулуп жатат. Министр объекттеги иштердин сапатына жана курулуштун темпине көңүл буруп, стадион эл аралык стандарттарга толук жооп бериши керектигин белгиледи.

Долбоорго ылайык, стадиондо батыш жана чыгыш трибуналар, оюнчулар үчүн керектүү бардык шарттар, ошондой эле медиа, VIP-зоналар жана VAR системасын жайгаштыруу каралган. Мындан тышкары, комплексте футболчулар үчүн жатакана, тамактануу жайы жана административдик бөлмөлөр болот.

Белгилей кетсек, стадиондун курулушу 2025-жылдын 9-апрелинде башталган. Объектти быйыл Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берүү пландалууда.

Последние новости