www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист, аткаруучу, акын, коомдук ишмер Сонунбү Кадырова 59 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маданияттын мыкты кызматкери жана жазуучулар союзунун мүчөсү Кадырова Сонунбү Эргешовна 1966-жылдын 8-февралында Ош облусунун Алай районуна караштуу Бүлөлү айылында жарык дүйнөгө келген. Алгач педагогикалык билим алып, 1981-1985-жылдары Жалал-Абад педагогикалык окуу жайынын мектептер бөлүмүн бүтүргөн. 1997-жылы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Эмгек жолун 1985-1988-жылдары мектепте мугалим болуп баштаган. 1997-жылдан ушул күнгө чейин Улуттук телерадио корпорациясында эмгектенип келген.

Последние новости