www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин инспекторлору Бишкек шаарындагы «Ак-Кула» жана «Бишкек» автобекеттеринде жүргүнчү ташуучулардын ишмердүүлүгүн текшерди.

Көзөмөл иш-чаралары жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо жана көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жогорулатуу максатында жүргүзүлүүдө.

Текшерүү учурунда унаалардын техникалык абалы, дөңгөлөктөрүнүн сапаты жана өрт өчүрүүчү шаймандардын болушу көзөмөлдөнөт. Ошондой эле айдоочулардын жүргүнчү ташууга уруксат берүүчү лицензиялары, патенттери жана камсыздандыруу полистери текшерилет.

Мындан тышкары, айдоочулардын каттамга чыгаар алдында милдеттүү медициналык кароодон өткөндүгүн тастыктаган жол баракчалары каралып, автобустар менен микроавтобустардын бекитилген график жана схема боюнча жүрүүсү көзөмөлгө алынат.

Расмий каттоосу жок, салык төлөбөй жана коопсуздук талаптарын сактабаган унааларды аныктоого да өзгөчө көңүл бурулууда.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 1-августуна карата өлкөдө Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары 853 автотранспорттук каттам катталган.

2026-жылдын биринчи алты айында автобустар жана микроавтобустар менен 296,8 млн жүргүнчү ташылган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,8%га көп.

Учурда Кыргызстандан Казакстан, Өзбекстан, Кытай жана Россияга үзгүлтүксүз эл аралык автотранспорттук каттамдар аткарылууда.

Ал эми 2026-жылдын 10-августуна карата жүргүнчүлөрдү ташуучулардын ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн көзөмөлдүн жыйынтыгында 1 159 протокол түзүлүп, жалпы 1 млн 773 миң 500 сом айып пул салынган.

Последние новости