www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2024–2026-жылдар аралыгында республика боюнча 456 объектте 6 миң 419 гектардан ашык аянтта токой отургузуу жана токойду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу токой чарбасын санариптештирүү жана токой ресурстарын натыйжалуу башкаруу боюнча маалыматта белгиленди.

Маалыматка ылайык, учурда Мамлекеттик токой фондунун 100 пайызы санариптик маалыматтар менен камсыздалган. 2026-жылга карата санариптик карталар жана электрондук маалымат кампасы толук даярдалып, токойлордун сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрү такталган.

Санариптештирүү токой ресурстарын так эсепке алууга, аларды натыйжалуу башкарууга жана коргоого, ошондой эле токойлорду келечек муундар үчүн сактап калууга багытталган.

Токой ресурстарын пайдалануу менен катар аймактарды өздөштүрүү жана экономикалык ишмердүүлүктү өнүктүрүү боюнча да иштер жүргүзүлүүдө. Атап айтканда, туризм, гидроэнергетика жана кен казуу тармактарында тиешелүү долбоорлор ишке ашырылып, бир катар объекттер ишин улантууда.

Белгилей кетсек, республика боюнча токойлордун жалпы аянты 1 миллион 273 миң гектарды түзүп, өлкөнүн жалпы аймагынын 6,4 пайызын ээлейт. Анын ичинен экме токойлордун аянты 52 миң 845,8 гектарды түзөт.

Ал эми Мамлекеттик токой фондунун жерлериндеги токой баскан жалпы аянт 787 миң 313,8 гектарды түзүп, анын 47 миң 244,2 гектары экме токойлорго туура келет.

Последние новости