www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында Zongtong үлгүсүндөгү автобус алты жеңил унаа менен кагышып, төрт адам жабыркады. Алдын ала маалымат боюнча, автобустун айдоочусу мас абалында болгон. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Жол кырсыгы өткөн түнү болжол менен саат 20:30да Чүй проспектиси менен Лермонтов көчөсүнүн кесилишинде болгон.

Маалыматка ылайык, 1985-жылы туулган З.И.Н. башкарып бараткан №38 автобус Чүй проспектиси менен батыш багытта бара жаткан. Автобус Kia K5, BMW X5, Changan, Kia K7, Toyota Camry жана Honda Accord үлгүсүндөгү унаалар менен сүзүшкөн. Жалпысынан кырсыкка жети транспорт каражаты катышкан.

Кырсыктын кесепетинен төрт адам жабыркаган. Алардын экөөнүн мээси чайкалып, дагы экөө моюн жана көкүрөк тушунан жаракат алган. Жабыркагандар тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.

Окуя болгон жерден тартылган видеодо автобусту кошкондо жети унаа кырсыкка кабылганы көрүнөт.

Учурда жол кырсыгынын себептери такталып, тергөө иштери уланууда.

Последние новости